“Ачык эшиктер күнүндө” сынактарда жеңишке жеткен мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды

Башкы Жаңылыктар

“Ачык эшиктер күнүндө” сынактарда жеңишке жеткен мектеп бүтүрүүчүлөрү сыйланды

Image

 “Ачык эшиктер күнүнүн” алкагында абитуриенттердин арасында уюштурулган “Мен эмнеге ОшМУну тандадым?", "Менин келечектеги кесибим" аттуу эссе сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынакка жалпы 200гө жакын материал келип түшүп, жеңүүчүлөргө смартфон, кулакчын, смартфонду кубатоочу каражаттар берилди.

Эссе сынагында ОшМУнун Билим лицейинин  окуучусу Ибрагим кызы Жумакан 1-орунду,      Кара-Суу районундагы №86 Курманжан Датка орто мектебинин  окуучусу  Курстан     Эркинбаев 2-орунду, Алай районундагы №22 Сабир Торошев орто мектебинин  окуучусу Бексултан Тулешев 3-орунду ээледи.      

Иш-чаранын алкагында “ЖРТга даярдыгыңызды акысыз текшерип, белек утуп алыңыз” аттуу алдын-ала тестирлөө конкурсунун жеңүүчүлөрү да аныкталып, атайын белектер ыйгарылды. Ошондой эле, ОшМУ менен тыгыз кызматташып келген мектеп жетекчилериге дипломдор тапшырылды 

“Ачык эшиктер күнүнө” Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы  мектептерден 2миңге чукул мектеп  бүтүрүүчүлөрү катышты.

Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болуп, факультеттерге саякат жасашты.

Фото галерея