
14-15-апрель күндөрү Бишкекте каратэнин Шотокан WSF түрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги өттү. Мелдешке Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин жети студенти жана Ыйман окуу-тарбиялоо комплексинин бир окуучусу катышты.
Жыйынтыгында акушердик иш адистигинин студенти Одинохан Саидова 1-орунду алып, өзүнүн салмак категориясында чемпион аталды. Ал эми фармацевтика адистигинде окуган Тунукай Таабалды кызы, Каныкей Колдошалиева жана Бермет Нармырзаева 2-орунга, Мунарбек Мийзамидинов 3-орунга ээ болушту. Мындан сырткары Ыйман окуу-тарбиялоо комплексинин окуучусу Адина Миталипова 3-орунду багындырды.
Аталган студенттерди чемпионатка колледждин окутуучусу, каратэ боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Нурдөөлөт Рысбеков даярдаган. Рысбеков жаштарды 2024-жылдын бери машыктырып келет.
Спорттук иш-чараны Дене тарбия жана спорт агенттиги уюштурду.