15-16-апрель күндөрү Фергана мамлекеттик университетинин он профессордук-окутуучулук курамы жана 23 студенти ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда болушту.
Алар окуу жайдын илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Элзарбек Эшаров менен да жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Эки күн аралыгында окутуучулар институтта тиешелүү адистиктер боюнча конок лекцияларды өтүштү. Ал эми академиялык мобилдүүлүк багытында келген студенттер сабактарга катышты.
Делегация химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты.
Кышкы семестр учурунда ОшМУда химия, биология, география багытында окуп жаткан 22 студент Фергана мамлекеттик университетинде бир ай билим алып келишкен. Эки окуу жай академиялык мобилдүүлүк, билим берүү, илим изилдөө жаатында кызматташып келет.