ОшМУда бир нече багыттар боюнча аккредитациялоо жараяны болду 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда бир нече багыттар боюнча аккредитациялоо жараяны болду 

Image

Ош мамлекеттик университетинде билим берүү жаатындагы сапатка кепилдик берүүчү EdNet агенттиги тарабынан программалык аккредитациялоо жараяны болуп өттү.

Жараян 15-апрелде башталып, 17-апрелге чейин созулду. Анда жалпысынан 13 багыт боюнча билим берүү программалары каралды. Алар —  орто кесиптик билим берүү - чет тили, бакалавриат – журналистика, көркөм билим берүү, дизайн жана  костюм жана текстиль искусствосу, чыгыш таануу, африка таануу, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, специалитет – музыкалык эстрада искусствосу. Магистратура – көркөм билим берүү, туризм; PhD докторантура – электроэнергетика жана электротехника, физика жана математика.

EdNet агенттиги тарабынан дайындалган эксперттер беш кластерге бөлүнүп, билим берүү программалары менен иштешет. Окуу жайда болуп өткөн программалык аккредитация жараянын Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү координациялады.

 

Фото галерея