Тилди изилдөөнүн инновациялык ыкмалары талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Тилди изилдөөнүн инновациялык ыкмалары талкууланды

Image

 21-апрелде Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмү тарабынан «Тилди изилдөөдөгү санариптик интеграция: жаңы горизонттор жана чакырыктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференция институттун кадырлуу педагогдору Эмулия Галимова жана Наталья Паниткованын педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналды. Пленардык отурумда тил иликтөөлөрүнүн актуалдуу маселелери боюнча бир катар баяндамалар окулду. Ошондой эле санариптик доордогу тилди изилдөөнүн инновациялык ыкмалары талкууланды.

“Конференция идея алмашууга, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тил иликтөөлөрүнө санариптик интеграциялоо жаатындагы жаңы багыттарды аныктоого баалуу аянтча болуп берди”, -деди директордун окуу иштери боюнча орун басары Райкан Ысмаилова. 

Иш-чарага катышкан ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Элзарбек Эшаров конференциянын актуалдуулугу боюнча айтып, устат педагогдордун агартуу тармагындагы салымын белгиледи.

 Доцент Динара Суркеева кадырлуу педагогдордун студенттерге билим берүүдөгү ишмердүүлүгү жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымдары тууралуу баяндама жасады. Директордун илимий иштер боюнча орун басары Венера Сабирова,  доцент Светлана Алымкулова куттуктоо сөздөрүн жолодошту.

 

Фото галерея