Тарых илимдеринин кандидаты, доцент адабиятчы, этнограф Абдымиталип Мурзакметовдун 60 жылдыгына арналган илимий-чыгармачылык кече 24-апрелде ОшМУда белгиленди. Иш-чарага Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардан окумуштуулар, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана анын жакын санаалаштары катышты.
Алгач Мурзакметовдун бейнесин чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Жыйында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Элзарбек Эшаров сөз сүйлөп, жалпы жамааттын атынан маараке ээсин куттуктады. Абдымиталип Мурзакметовдун өмүр жолу, жасаган эмгектери жөнүндө айтып, устат катары келечек муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгектенип, илимге кызыккан шакирттерди өстүрө беришин тилек кылды.
Ал эми кесиптештери, шакирттери өрнөктүү өмүрү, чыгармачылык ишмердүүлүгү жөнүндө ойлорду айтып, куттуктоолорун жолдошту. Мааракеге карата Мурзакметовдун бардык илимий изилдөөлөрү, табылгалары камтылган алты томдук китебинин тушоосу кесилди. Ошондой эле эмгектеринин көргөзмөсү коюлуп, концерттик программа тартууланды.
Абдымиталип Мурзакметов кыргыз адабият таануусу, кыргыз этнографиясы, кыргыз фольклору, Батыш адабияты, Чыгыш адабияты, Манас таануу, Кыргыз маданиятынын тарыхы боюнча мазмундуу лекцияларды окуп келет. Учурда ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз адабияты кафедрасын жетектейт. Бир нече окуу-усулдук колдонмолордун, китептердин, 200дөн ашуун илимий, публицистикалык, илимий-популярдуу макалалардын автору. Окуу жайда өз демилгеси менен «Жапон маданияты борборун» ачкан. 2022-жылы “Казак тили жана маданияты” борборун негиздеген.