Стоматологдордун конференциясында акыркы жетишкендиктер жана жаңы методдор талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Стоматологдордун конференциясында акыркы жетишкендиктер жана жаңы методдор талкууланды

Image

Бүгүн, 24-апрелде Ош мамлекеттик университетинде стоматологдордун “Пломбадан имплантка чейин: дарылоонун эволюциясы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. Ага түштүк аймагындагы жана коңшу өлкөлөрдөн келген стоматологдор, ординаторлор жана илимпоздор катышты.

Жыйында Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Швейцариядан келген адистер стоматологиядагы акыркы жетишкендиктер жана жаңы методдор тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле тиш эмалын фтор колдонуп калыбына келтирүү, имплантациядан кийинки гигиена, ортодонтиялык дарылоодон кийин тиштердин абалы, стоматология тармагындагы жаңы 3D технологиялар тууралуу тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Бул илимий иш-чара стоматология тармагындагы кесипкөйлөрдүн тажрыйба алмашуусуна жана илимий өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулду.

Фото галерея