Бүгүн, 26-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында ишембилик уюштурулду. Ага профессордук-окутуучулук курам, кызматкерлер жана студенттер катышты.
Ишембиликте мэрия тарабынан окуу жайга бөлүнгөн Ак-Буура дарыясынын ичи, жээктери, Токтогул паркы, Сулайман-Тоонун айланасындагы аймактар тазаланып, таштандылар алынды. Ошондой эле окуу жайдагы имараттардын, жатаканалардын ичи, тышы жуулуп, короолору, арыктары жана жол жээктери тазаланды.
Президенттин “Улуттук тазалык күнү” жөнүндө жарлыгына ылайык, Ош мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында ОшМУда атайын тескеме иштелип чыккан. Анда университеттин бардык окуу имараттарында, жатканаларында ар ишемби күндөрү тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындай ишембиликтер окуу жайда жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.