ОшМУнун кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо өтөт

Image

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык ОшМУнун кыргыз-түрк факультетинин  деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун  №1607 буйругу чыгып, уюштуруу комитети түзүлдү. 

Уюштуруу комитетинин төрагасы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору п.и.к, доцент Замирбек Божонов.

Кыргыз-түрк факультетинин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун окумуштуу катчысы Дж.Асанбекова, ОшМУнун укук иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы А.А.Мойдунов, Кыргыз-түрк факультетинин социалдык, экономикалык дисциплиналар жана компьютердик инженерия  кафедрасынын башчысы Ө. Имаралиев,  Кыргыз-түрк факультетинин кесиптик бирлигинин  төрагасы Д. Заиров бар.

Комиссиянын чечимине  ылайык талапкерлерди каттоо 25-май күнү саат 17-00гө чейин жүргүзүлөт. Кыргыз-түрк факультетинин  деканын шайлоо 28-май күнү өтөт.

ОшМУнун Кыргыз-түрк факультети 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде ачылган.  Факультетте  программалык инженерия, туризм, реклама жана коомчулук менен байланыш, экономика, режиссура адистиктери бар. Кыргыз-түрк факультетин  2018-жылдан тартып саясий илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Козукулов жетектеп келген.