ОшМУ студенттери жана окутуучулары үчүн стартап долбоорунун сынагы жарыяланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ студенттери жана окутуучулары үчүн стартап долбоорунун сынагы жарыяланды

Image

Ош мамлекеттик университети «Студенттик стартап – 2025» программасынын алкагында студенттер жана окутуучулар үчүн стартап долбоорлорунун сынагын жарыялайт.

Сынакка бакалавриат, магистратура жана PhD программаларынын студенттери, жаш илимпоздор, окутуучулар катыша алышат. Ага төмөнкү багыттар боюнча стартап долбоорлор кабыл алынат:

- Санариптик жана маалыматтык технологиялар;

-  Медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;

-  Жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;

-  Интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;

-  Биотехнологиялар;

-  Ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;

-  Айыл чарба технологиялары;

-  Жашыл экономика;

-  Креативдүү индустриялар;

-  Кызмат көрсөтүү тармагы.

Жеңүүчүлөр окуу жай тарабынан финансылык колдоо жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сынакка арыздарды кабыл алуу 12-майдан 25-майга чейин жүрөт. Арызды business@oshsu.kg электрондук дарегине жибере аласыз.

Кагаз жүзүндө: Ош шаары, Абсамат Масалиев проспектиси, 93/9, ОшМУ Бизнес-парк, 105–106-кабинеттеринде кабал алынат.

📞 Кошумча маалымат:

- Санжар: 0503 44 07 05

- Эрлан: 0772 75 07 05 номерлерине байланышсаныздар болот.

 

 

Фото галерея