ОшМУда КМШдагы жаш кинематографисттердин кинофестивалы өтүп жатат 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда КМШдагы жаш кинематографисттердин кинофестивалы өтүп жатат 

Image

Ош мамлекеттик университетинде КМШдагы жаш кинематографисттердин «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы башталды. Аталган сынакка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 200дөн ашуун эмгек келип түшкөн. Тасмалар калыстар тарабынан каралып, жыйырмасы экинчи турга өткөн.

12-13-майда аталган тасмалар Кыргызстандын эл артисти, режиссер жана кинооператор Тынай Ибрагимов башында турган калыстар тобун жана көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Анда фильмдердин тематикасы, жанры жана тасманын узактыгы каралат. Жыйынтыгы 13-майда белгилүү болот. Жеңүүчүлөргө номинациялар боюнча статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Сынактын алкагында мастер-класстар, панелдик талкуулар, экскурссиялар орун алат. 

Фестивалдын негизги максаты – КМШ өлкөлөрүндөгү жаш режиссёрлор менен сценаристтердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана алардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Иш-чара окуу жайдын Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Киноакадемиясы тарабынан  демилгеленип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен биргеликте өткөрүлүүдө. 

 

Фото галерея