ОшМУнун окуучулары волейбол боюнча чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окуучулары волейбол боюнча чемпион болду

Image

Ош шаарындагы мектептер арасында өткөн волейбол боюнча биринчиликте ОшМУнун "Билим" окуу тарбиялоо комплексинин  командасы биринчи орунду ээледи.  

Мелдеш 15, 16, 17 жаштагы балдар арасында уюштурулду. Ага калаадагы мектептерден жалпы онго жакын команда катышты. ОшМУнун командасы алгач Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин 2:0 эсебинде жеңип, финалдык беттеште №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебин 2:1 эсебинде утуп алышкан. 

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында "Билим" окуу тарбиялоо комплексинде волейбол боюнча атайын машыгуулар башталган. Ошонун негизинде мектептин курама командасы түзүлгөн. Азыркы жетишкендик бул команданын эң алгачкы ийгилиги болуп эсептелет. 

Команданы лицейдин дене тарбия мугалими, волейбол адиси, спорт чеберине талапкер Талант Жигитали уулу машыктырып келет.

 

Фото галерея