
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин 13-майда Кыргызстандын түштүгүнө болгон биринчи иш сапарынынын алкагында ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде болду. Тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров менен биргеликте институттун эмгек жамааты жана менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда элчи факультеттин окуу кампусу менен таанышып, жалпы эмгек жамааты менен баарлашты. Өз сөзүндө ал ОшМУ уникалдуу окуу жай экендигине күбө болгонун, кыргыз-кытай мамилесинин бекемделишине окуу жайдын кошуп жаткан салымы чоң болгонун белгиледи. Лю Цзянпин мындан ары дагы биргеликте иш алып барууга кызыкдар. Элчи студенттердин кытай тилин мыкты деңгээлде өздөштүргөндүгүнө жогорку баасын берди.
Белгилей кетсек, Лю Цзянпин 2024-жылдын декабрь айында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.
Учурда Кыргыз-Кытай факультетинде бакалавр, магистратура багыттарында 450гө жакын студент, магистр билим алууда. Институтут Кытайдын 80ден ашуун ЖОЖдору менен билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташуу келишимине кол койгон.