Президенттик стипендия ээлери менен дем берүүчү жолугушуу болду

Башкы Жаңылыктар

Президенттик стипендия ээлери менен дем берүүчү жолугушуу болду

Image

13-майда ОшМУда былтыр президенттик стипендияга ээ болгон студенттер менен "Ийгиликтин изи" аттуу мотивациялык жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда стипендиаттар билим сапарындагы басып өткөн жолу, ийгиликке умтулуудагы аракеттери, стипендияга катышуу эрежелери боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Андан сырткары ийгилик изиндеги калыптануу боюнча кеңештерин берип, суроолорго жооп беришти. Мыкты суроо ээлерине белектерин ыйгарышты. 

 “Ар бир окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты окуган бүтүрүүчү курстун  студенттеринин арасында президенттик стипендияга талапкерлер аныкталып келет. Мындан сырткары өлкө аймагында эң ири стипендиялардын бири болуп саналган ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” ар жылы он студентке 10 ай 10 миң  сомдон берилип жүрөт. Мыкты студенттерге Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы да каралган. Жакынкы аралыкта профессор Каныбек Исаков атындагы да жылына бир ирет берилүүчү стипендия да ыйгарыла баштайт”,- деп белгиледи ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева. 

Мотивациялык жолугушуу окуу жайдын маданий-массалык тарбия иштер бөлүмү тарабынан жыл ичи уюштурулуп келет. 

Эске салсак: 2024-жылы президенттик стипендияга ОшМУнун сегиз студенти ээ болгон. Алар — Мунарбек Абдувалиев, Беназир Матиева, Бекболсун Сатыбаев, Барсбек Айталиев, Эшбай кызы Феруза, Буайша Тилебалдыева, Калысбек кызы Таңсулуу жана Мехрибану Нурматова. 

 

Фото галерея