16-19-май күндөрү Өзбекстанда регби боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Бул эл аралык турнирге Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Тажикстандын курама командалары катышты.
Кыргызстандын атынан чемпионатка ОшМУнун дене тарбия бөлүмүнүн студенттеринен турган курама команда барды. Беттештерде окуу жайдын спортчулары мыкты оюн көрсөтүп, жыйынтыгында үчүнчү орунду камсыздашты.
Курама команданы окутуучу Шумкарбек Окен уулу жетектеп келет.