ОшМУнун студенти кикбоксинг боюнча Азия чемпиону болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти кикбоксинг боюнча Азия чемпиону болду

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Сумая Калыева кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Ал 52 килограмм салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште өзбекстандык спортчуну 2:1 эсебинде утту. 

Мелдеш Жалал-Абад шаарында 1-5-май күндөрү өттү. Ага Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мыкты спортчулары катышып, ар кандай салмак категорияларында күч сынашты. 

Калыева кикбоксинг менен үч жылдан бери алектенип келет. Ал өз салмагындагылар арасында Кыргызстандын эки жолку чемпиону, спорт чеберине талапкер. Учурда колледжде котормочу адистигин өздөштүрүүдө.