Студенттер Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” кенинде практикадан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” кенинде практикадан өтүштү

Image

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун колдонмо геодезия адистигинин студенттери 12-майдан 17-майга чейин Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын алтын кенинде өндүрүштүк-талаа практикада болушту.

Компаниянын башкы директору Альп Тогай өндүрүш процесстериндеги заманбап технологиялар, коопсуздук стандарттары жана эл аралык талаптар тууралуу кеңири баяндама жасап, студенттерге өз адистиктерин терең өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал “Эти Бакыр Терексай” келечекте да кадрлар менен иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Практиканын жүрүшүндө студенттер кен ишканасындагы геодезиялык камсыздоонун негиздери, пландоо жана белгилөө иштеринин ыкмалары, замандын талабына ылайык жабдыктар менен иштөө, маркшейдердик-геодезиялык этаптар, ошондой эле коопсуздук инструктажы жана коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча практикалык тажрыйба алышты.

Өндүрүштүк-талаа практикасы студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана келечектеги инженер-геодезист катары адистикке болгон мамилесин бекемдөөгө багытталган. Негизги максаты – жаштарды чыныгы өндүрүш шартында геодезиялык ишмердүүлүктүн түрлөрү менен тааныштыруу, алардын кесиптик көндүмдөрүн бекемдөө жана теориялык билимдерин практикалык иштер менен айкалыштыруу болуп саналат.

 

Фото галерея