20-майда Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда химиялык, экологиялык жана криминалистикалык экспертиза профили боюнча адистигинин негизделгенинин 25 жылдыгына, Ички иштер министрлигинин криминалистикасынын 101 жылдыгына жана химик адистердин кесиптик майрамына арналган кече уюштурулду.
Кечеге аталган профил боюнча окууну аяктап, жигердүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр, мектептердин предметтик мугалимдери жана окуучулар катышты.
Майрамдык иш-чара эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө химиялык, экологиялык жана криминалистикалык экспертиза профили боюнча адистигинин негизделгенинин 25 жылдыгына карата баяндамалар окулду. Студенттер арасында таймаштар уюштурулуп, бүтүрүүчүлөр тажрыйбалары менен бөлүштү. Кеченин экинчи бөлүгүндө химик адистердин кесиптик майрамына жана ИИИМдин криминалистикасынын 101 жылдыгына карата концерттик программа тартууланды.
Ош мамлекеттик университетинде химиялык, экологиялык жана криминалистикалык экспертиза профили 2000-жылы ачылган. Учурда бүтүрүүчүлөр республика аймагында жигердүү эмгектенип жатышат.
Иш-чара институттун химия жана химиялык технологиялар кафедрасы тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.