Депутат Чынгыз Айдарбеков студенттерге лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Депутат Чынгыз Айдарбеков студенттерге лекция окуду

Image

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинин «Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия» адистигинде билим алып жаткан студенттер үчүн конок лекция өттү.

Лекция “Заманбап дипломатия: салттуу дипломатиядан санарип дипломатияга өтүү (Кыргызстандын мисалында” аталышында болду. Эл өкүлү бул тармактагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, эл аралык мамилелердеги азыркы тенденциялар жана дипломатиянын санариптешүүсү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп берип, алар менен ачык диалог жүргүздү.

Чынгыз Айдарбеков кесби боюнча дипломат, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Түрмөнстанда, Жапонияда элчи кызматын аркалаган. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. 

 

Фото галерея