Бүгүн, 21-майда өлкөдө биринчи жолу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын улуттук рейтинги чыгарылды. Анда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи алдыңкы орунду ээледи.
Ал эми Финансы-юридикалык колледжи төртүнчү, Медициналык колледж сегизинчи орунга жайгашып, ондукка киришти.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Бул рейтинг орто кесиптик билим берүү мекемелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлгөн. Демилге үч этап менен, 2024-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 21-майына чейин жүргүзүлгөн. Университеттин Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу буларды айтты:
“Биздин алты колледждин үчөө биринчилердин катарына киргени кубанычтуу. Айрыкча Индустриалдык-педагогикалык колледжибиздин алдыңкы орунду ээлеши жалпы жамааттын, университеттин жетекчилигинин колдоосу менен жетишилген чоң ийгилик. Бизге берилген өзгөчө макам, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окуу процессин жакшыртуу, өнөктөштөр менен иштешүү жана студенттердин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу критерийлерде жүргүзүлгөн ишибиз мына ушундай жыйынтыкка алып келди”, –дейт ал.
Рейтингге жалпысынан 54 окуу жай катышкан, алар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Бишкек шаары – 20
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 12
Баткен облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 4
Нарын облусу – 1
Талас облусу – 1
Алдынкы ондукка кирген ОКББ ББУлар:
Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжи
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин колледжи
ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи
И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ОКББ бөлүмү
Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ОКББ бөлүмү
Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи
Талас агрардык-экономикалык колледжи
Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи
Эске салсак: ОшМУда алты колледж бар.