ОшМУнун эл аралык медициналык факультетинде "Алдыңкы тажрыйба борбору" түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эл аралык медициналык факультетинде "Алдыңкы тажрыйба борбору" түзүлөт

Image

Бул маалымат бүгүн, 22-майда глобалдык саламаттыкты сактоо жаатында CAREC программасы тарабынан уюштурулган онлайн жыйында айтылды. Ага Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов жана факультеттин структура жетекчилери катышты. Жыйында "Алдыңкы тажрыйба борбору" деп тандалып алынган окуу жайлар жетишкендиктери, ийгиликтери боюнча маалымат беришти.

CAREC программасынын тандоосуна дүйнө жүзү боюнча университеттер катышып, алардын ичинен ОшМУ Кытай, Пакистан, Грузия жана Өзбекстандын алдыңкы беш жогорку окуу жайынын катарына кирген. Бул жетишкендик факультеттин коомдук саламаттыкты сактоо боюнча магистратура программасынын эл аралык конкурстук тандоосунан ийгиликтүү өткөнүн далилдейт.

10-июнда “Алдыңкы тажрыйба борбору" деп тандалып алынган беш жогорку окуу жайдын жыйыны болуп, алдыдагы пландар талкууланат. Анда ар бир университетте мындай борборду түзүү боюнча иштер макулдашылат.

CAREC — Борбор Азия жана коңшу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүн, кызматташтыгын колдогон регионалдык демилге. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура жана башка тармактарда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону максат кылат. 





 

Фото галерея