Бүгүн, 23-майда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында ОшМУнун медициналык клиникасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Медициналык клиника 7 кабаттан турат. Аянты 20 000 чарчы метр. Жалпысынан 312 орундукка ылайыкташып, лаборатория, күндүзгү стационар каралган. Клиникада 4 операциялык бөлүм, 300 орундуу лекциялык зал, 12 окуу кааналары жайгашат.
Оорукананын жаңы имаратынын курулушу медициналык бөлүмдөрдү кеңейтүүгө жана жаңыртууга гана эмес, коопсуздукка, интеграцияланууга, инновацияга багытталган. Жаңы оорукана абсолюттук инклюзивдүүлүгү, энергиянын эффективдүүлүгү, натыйжалуулугу, көркөм дизайны, бейтаптарга багытталган заманбап тейлөөсү менен мыкты шарттар түзүлөт.
Аталган клиникада боор, бөйрөк, чучук-сөөк трансплантация бөлүмү, микрохирургия, жандандыруу, операциялык бөлүм, гепатология, офтольмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология, дарт аныктоо бөлүмдөрүнөн турат.
Клиниканын ачылышы студенттерди окутуп жогорку квалификациялуу врачтарды даярдоо менен түштүктөгү боор, бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырууда.
Учурда курулуш иштеринин тең жарымынан көбү аяктады. 2025-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.