
Бүгүн, 13-июнда Ош мамлекеттик университетинде 2024-2025-окуу жылындагы маданий-массалык, уюштуруу иштеринин жүргүзүлүшү боюнча “Жыл жыйынтыгы” сыйлоо аземи уюштурулду.
Аземде ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 27 студентке 5000 сом жана "Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты" деген сертификаттарды тапшырды.
“Ушул жыл биздин университет үчүн тарыхый мааниге ээ болгон, ийгиликтерге бай, татыктуу жетишкендиктер менен эсте кала турган мезгил болду. Анткени дал ушул жылы университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду багындырып, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулду. Бул биз үчүн сыймык. Мунун баары ар бириңиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, берилгендигиңиздердин, өсүүгө болгон умтулуубуздун жыйынтыгы. Биз жаңы доордогу, 4-муундагы университете айлануудабыз”, -деди ректор.
Иш-чаранын жүшүндө маданий-массалык, уюштуруу иштеринин жүргүзүлүшүнө салым кошкон окутуучуларга, кызматкерлерге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты, президенттин Ош облусундаг өкүлчүлүгүнүн, Ош мэриясынын, ОшМУнун Ардак грамоталары тапшырылды.
Ал эми жыл ичинде мыкты иштеген кураторлорго, ыктыярчы, активдүү студентттерге окуу жайдын ыраазычылык каты ыйгарылды.
“Ала-Тоо жазы” фестивалынын катышуучуларына, “Энактас” командасына жана Комсомол чокусун ийгиликтүү багындырган окутуучуларга ыраазычылык каттар берилди.