ОшМУнун психологдору Швейцариядагы эл аралык симпозиумга катышып келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун психологдору Швейцариядагы эл аралык симпозиумга катышып келди

Image

Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева жана кафедранын доценти Нуржамал Исманова Швейцариянын Монтрё шаарында өткөн V эл аралык психологиялык симпозиумга катышты.  

Иш-чарада Акчач Жолдошева “Көйгөйлүү жүрүм-турумга ыктаган өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү жөнгө салуунун психологиялык өзгөчөлүктөрү жана алдын алуу, ондоо-түзөө” деген аталыштагы илимий изилдөөнүн жыйынтыгын сунуштады. Бул изилдөө ОшМУ, Кыргыз-Орус билим берүү академиясы, Казакстандын Аль-Фараби улуттук университетинин окумуштуулары менен биргеликте коллаборациялык негизде  жүргүзүлгөн. 

“Иш-чара изилдөөчүлөргө тажрыйба алмашууга, жаңы кызматташуу багыттарын талкуулоого жана глобалдык деңгээлде билимди интеграциялоого мүмкүнчүлүк түзүп берди”, - дейт ал.

Эл аралык психологиялык симпозиум 6-июнда башталып, 21-июнга чейин созулду. Ага Италия, Франция, Португалия, Улуу Британия, Борбор Азия өлкөлөрүнөн белгилүү окумуштуулар катышты.

 

Фото галерея