SILKWAY 2025 жайкы мектеби Ташкент шаарында өттү

Башкы Жаңылыктар

SILKWAY 2025 жайкы мектеби Ташкент шаарында өттү

Image

 

GEM-SILKWAY – дүйнө боюнча 17ден ашык өнөктөштөрдү камтыган эл аралык долбоор болуп саналат. Бул жылы жайкы мектеп 22–27-июнь күндөрү Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинин жана Ташкент техникалык университетинин базасында уюштурулду.  

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинен Рейтинг бөлүмүнүн жетекчиси Максат Тотобаев, Эл аралык медицина факультетинин деканынын орун басары Тимур Пайзилдаев, Зилола Рахимова жана студенттер Айжан Акышева, Аскар Мамадалиев катышты.  

Жайкы мектептин жыйынтыгында бардык катышуучулар сертификат алышты. Ал эми студенттер тиешелүү багытта үч кредитке ээ болушту.

Долбоор туруктуу өнүгүү жана адамдык өнүгүү сыяктуу түшүнүктөрдүн маанисин талдоодо маданияттар аралык көз карашты кабыл алуу максатын көздөйт. Быйылкы жылы жайкы мектеп Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин колдоосуна ээ болуп, Борбордук Азия + Италия (5+1) долбоорунун алкагына киргизилди.  

24-июнда «Жалпы горизонттор: жашыл энергияга өтүү боюнча жалпы көз караш» темасында тегерек стол уюштурулду. Ага Италиянын ыйгарым укуктуу министри Федерико Фальи, Өзбекстандагы Италиянын элчиси Пьергабриел Пападия де Боттини, Милан – Бикокка университетинин өкүлдөрү Маурицио Ачиарри жана Сильвана Стефани, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун бардык катышуучулары бул маселени талкуулоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, аны мындан ары да 5+1 форматынын алкагында улантуу зарылдыгын билдиришти. 

Программага лекциялар, эл аралык илимпоздор менен талкуулар, маданий иш-чаралар жана экскурсиялар кирет. Ал жыл сайын жаңы жаңылыктарга жараша жаңыртылып турат.

Былтыр жайкы мектеп ОшМУ, Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Бикокка Милан университеттеринин өнөктөштүгөндө Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

Фото галерея