Педагогика, искусство жана журналистика институту. Кандай адистиктер даярдалат?

Башкы Жаңылыктар

Педагогика, искусство жана журналистика институту. Кандай адистиктер даярдалат?

Image

Институт учурдун талабына жооп берген адистерди – башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерин, мыкты журналистерди жана таланты бар өнөр ээлерин даярдайт. Алыскы жана жакынкы аймактарда жетишсиз болуп жаткан жумуш орундарын кесипкөй кадрлар менен камсыз кылып келет. Мыкты педагог адистерди, журналисттерди, көркөм өнөр, музыка, эстрада, дизайн багытында, азыркы базар экономикасынын талаптарына ылайык, жаңы технологияларды колдоно билген, ар тараптуу, атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку билимдүү адистерди даярдоону максат кылат.  

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия Орусия, Кытай, Корея, Жапония, Индия, Пакистан, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия,  Германия, Италия, Испания, Венгрия,  ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.

Институтта студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, ж.б. мамлекеттерден окуп билим алып келишет.

Бүгүн сиздердин назарыныздарда Педагогика,  искусство  жана  журналистика институту.

Институт төмөнкүдөй адистиктер боюнча билим берет:

 

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/бакалавр

  • Педагогика: Башталгыч билим берүү;
  •  Мектепке чейинки билим берүү жана логопедия; Логопедия
  • Психология
  • Журналистика
  • Реклама жана коомчулук менен байланыш
  • Көркөм билим берүү: Музыкалык искусство, Көркөм өнөр искусствосу
  • Музыкалык эстрада өнөрү
  • Дизайн: костюм дизайны; интерьер дизайны
  • Костюм жана текстиль искусствосу
  • Актердук өнөр
  • Режиссура (Кино, ТВ)

 

Магистратура

  • Педагогика: Башталгыч билим берүү; Мектепке чейинки билим берүү.
  • Психология
  • Журналистика
  • Көркөм билим берүү: Музыкалык искусство; Көркөм өнөр искусствосу.
  • Костюм жана текстиль искусствосу

 

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Абитуриенттер үчүн телеграмм каналhttps://t.me/+nq6oWE6vphNkM2Uy

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Call-центр байланыш кызматы (996) 770111110

Сайт: www.oshsu.kg

Е-mail: priem@oshsu.kg

Факс: 0(3222)70915

Телефон:  0(3222)70818,

 

Биздин дарек: Ленин көчөсү 331, ОшМУнун башкы корпусу,

Кабыл алуу комиссиясы 137-каана

 

 

 

 

Фото галерея