ОшМУда Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди

Image

16-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде студенттерге жана окутуучуларга ДААД программасынын алкагында Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтык иш-чара өттү. 

Анда ДААД (Немец академиялык алмашуу кызматы) долбоору, Германиядагы жогорку окуу жайларга тапшыруу жол-жоболору, бакалавриат, магистратура жана PhD программалары, стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

ДААД 1993-жылдан бери Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп келет. Бул аралыкта ОшМУнун 300дөн ашуун студенти жана окутуучулары Германиянын жогорку окуу жайларында стажировкадан өтүп, жайкы жана кышкы мектептерге активдүү катышууда.

Аталган программага катышуу үчүн каттоо жыл сайын октябрь, ноябрь айларында ОшМУда жүргүзүлөт. Катышуучулар атайын тестирлөөдөн өтүшөт. Жогорку упай топтогондорго Германияда окуу жана иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Программага катышуу үчүн немис тилинин А2 же В1 деңгээлин билиш керек.

 

Фото галерея