18-августта Ош мамлекеттик университетинде Агартуу министрлиги уюштурган август педагогикалык форумун жана Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин уюштурууга активдүү катышкан окутуучулар, кызматкерлер сыйланды.
Мугалимдердин форумун уюштурууга активдүү катышкан окутуучуларга Агартуу министрлигинин, ал эми Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин уюштурууга көмөктөшкөндөргө ОшМУнун ыраазычылык каттары тапшырылды. Сыйлыкты Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева тапшырып, жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.