19-сентябрда Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн Кыргызстандын жана Венгриянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баяндама жасады.
Ал окуу жай Борбор Азияда коомдук жана экологиялык саламаттыкты сактоо багытында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып келе жатканына токтолду.
Ошондой эле ОшМУ эл аралык долбоорлорго активдүү катышып, илим, билим жана санариптик технологиялар аркылуу коомдук, экологиялык саламаттыкты чыңдоого чоң салым кошконун кошумчалады. Университет Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү жана жашыл демилгелерди жайылтууда лидер болууга умтулуп жатканын белгиледи.
Форумдун негизги максаты – билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга багытталган. Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын жогорку билим берүү секторлору боюнча докладдар жасалып, университеттер ортосунда бир катар эки тараптуу макулдашуулар жана меморандумдар жетишилди.
Пленардык сессияларында университеттердин рейтинги жана интернационализациясы, инновациялар, ишкердик, жасалма интеллект жана жашыл технологиялар темалары боюнча баяндамалар окулду.