19-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде Программисттер күнү белгиленди. Анда студенттер арасында адистикке багытталган сынак уюштурулду.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар жашоодогу программисттердин абалын чагылдырган пародияларды аткарышты. Ошондой эле видео-мемдер жана «1-курстун кызыктуу учурлары» деп аталган сүрөттөрдүн слайд-шоусу көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.
Иш-чара студенттердин IT тармагына болгон кызыгуусун жогорулатуу, аларды заманбап санариптик билимдерди колдонууга шыктандыруу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн колдоо максатында өткөрүлдү. Конкурстун программасы логикалык-алгоритмдик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, командалык иштөөнү жана практикалык көндүмдөрдү чыңдоого багытталды.