ОшМУнун окутуучулары Польшада көкүрөк рагын алдын алуу боюнча окутуудан өтүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Польшада көкүрөк рагын алдын алуу боюнча окутуудан өтүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, профессор Аида Келдибекова, улук окутуучу Джылдыз Тойчуева, доцент Жайнагүл Абдирасулова жана Мээримгүл Бусурманкул кызы 14–19-сентябрь күндөрү Польшанын Быдгощ шаарында стажировкадан өтүштү. 

Алар Польшанын көкүрөк рагын алдын алуу жана эрте аныктоо тажрыйбасын үйрөнүп, онкологиялык борборлор менен таанышты. Андан сырткары студенттерге өз алдынча текшерүү ыкмаларын үйрөтүү үчүн методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана алдын алуу иш-чараларын уюштурууга катышты.

Программанын алкагында эмчек рагынын эпидемиологиясы, клиникалык белгилери, коркунуч факторлору боюнча лекцияларга катышышты. Практикалык сабактар жана муляждар менен иштөө ыкмалары, Кыргызстанга ылайыкташтырылган методикалык материалдарды даярдоону үйрөнүштү. Окутуучулар онколог-хирург-маммолог, профессор Витольд Ковальский менен болгон тегерек столго да катышты. ОшМУнун окутуучуларын жана студенттерин даярдоонун планы жана графиги түзүлдү. Жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Окутуу RITA “Айтмактагы өзгөрүүлөр” долбоорунун алкагында уюштурулду. Аны  Польша-Америка Эркиндик фонду колго алып, WSG университети жана AZS WSG уюму колдоо көрсөттү. Бул иш-чара долбоордун биринчи этабы катары ийгиликтүү ишке ашырылып, Кыргызстанда жаштар арасында эмчек рагын алдын алуу багытында жаңы демилгелерди баштоого өбөлгө түзүүдө.

 

Фото галерея