5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Анын алкагында 24-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде жыйын уюштурулду.
Анда студенттерге өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү, табигый жана техногендик кырсыктар катталганда жарандардын өзүн алып жүрүү эрежелери, өрт кырсыктарын алдын алуу, коргонуу боюнча лекция окулуп, талкуу орун алды. Күндүн экинчи бөлүгүндө университеттин башка институт, колледждерине да маалыматтар берилип, өрт коопсуздугу боюнча машыгуулар өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты – кырсыктардын алдын алуу, тобокелдиктерди азайтуунун натыйжаларын коомчулукка жеткирүү болуп саналат. Аталган жыйын ОшМУ менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан уюштурулду.