Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борбору бүгүн, 25-сентябрда “Маданияттар диалогу” аттуу эл аралык жаштар форумун өткөрдү.
Форум Фергана өрөөнүндөгү жаштардын (Кыргызстан – Тажикстан – Өзбекстан) арасында тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого көмөктөшүү максатында уюштурулду. Жыйын панелдик талкуулар, чыгармачылык жана маданий иш-чаралар аркылуу ишке ашып, инклюзивдүү кызматташтыктын, аймактагы маданий ар түрдүүлүктүн баалуулугун көрсөтүүгө багытталды.
Иш-чарага Тажикстан, Өзбекстандан, Евросоюздан, бир катар өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр жана Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары, профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Эл аралык форум Евросоюздун 6000 евро көлөмүндөгү грантынын негизинде уюштурулду.