Кыргыз-орус форуму: ОшМУнун Ветеринардык клиникасынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-орус форуму: ОшМУнун Ветеринардык клиникасынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди

Image

Бишкекте 23-24-сентябрда өткөн кыргыз-орус билим берүү форумунда Ош мамлекеттик университетинин ветеринардык клиникасынын башчысы Бакытбек Кадыров “Ветеринардык кызматтарды жана илимий иштеп чыгуулардын коммерциялашуусу” аталышында баяндама жасады.

Анда бул багыт боюнча окуу жайдын клиникасында аталкарылып жаткан иштерди айтып берди. Ал клиника практикалык жана илимий-билим берүү базасы катары ийгиликтүү иштеп, сапаттуу кызматтарды көрсөтүп, жогорку квалификациялуу ветеринардык адистерди даярдоого салым кошуп жатканына токтолду. Мындан тышкары форумда ОшМУ менен Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Документте окутуучулар жана студенттердин алмашуу программаларын жандатуу, илимий, билим берүү багыттарында байланыш түзүү каралды.

Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы агробизнес, ветеринария, зоотехния, инженердик-технологиялык, архитектуралык, экономика жана энергетика багыттары боюнча адистерди даярдайт. Академияда 5000ге жакын студент билим алат.

Фото галерея