Студенттер заманбап тарыхты окутуу ыкмалары боюнча маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер заманбап тарыхты окутуу ыкмалары боюнча маалымат алышты

Image

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев Ош мамлекеттик университетинин  Тарых-юридика институтунун студенттерине жана магистранттарына конок лекция өттү.

Лекция «Заманбап тарыхты окутуудагы негизги маселелер» деп аталып, Зулуев жаш адистерге баалуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал тарых илимин окутуунун бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрүнө, окутуу процессинде колдонулуп жаткан жаңы стандарттарга жана усулдук жактан зарыл болгон жаңычыл мамилелерге токтолду. 

Ошондой эле студенттерге тарых сабагын окутууда теория менен практиканын айкалышын камсыздоонун жолдорун, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде колдонулуп жаткан методикалык ыкмалар тууралуу да кеңири маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен активдүү суроо-жооп, пикир алмашуу орун алды. 

Уюштуруучулар мындай жолугушуулар келечек муундун кесиптик даярдыгын чыңдоого чоң салым кошорун белгилешти.

 

Фото галерея