ОшМУ Евразия-Тынч океан альянсы менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Евразия-Тынч океан альянсы менен кызматташат

Image

 

Ош мамлекеттик университети 2024-жылдын декабрда Евразия-Тынч океан альянсы (EPU) менен билим берүү жана илим тармагында кызматташуу келишимине кол койгон.

Анын алкагында окуу жай быйыл EPUнун “Климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүү боюнча чараларды колдоо геоилимдеринде билим берүү”  аттуу долбоорун утуп алды. Долбоордун координатору Австриядагы Зальцбург университетинин өкүлү, доктор Шахнаваз. Өнөктөш өлкөлөр катары Индия, Кыргызстан жана Өзбекстан кирген. 

ОшМУнун атынан долбоорго Абдурашит Низамиев жана Динара Абжапарова катышууда. Алар ГИС технологиялары боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана илимий маалыматарды жайылтуу багытында семинарларды өткөрүүнү пландап жатат.

EPU — дүйнөнүн төрт бурчунан 90 университетти камтыган көп тараптуу академиялык альянс. Уюм илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө, ошондой эле окутуучулардын, студенттердин мобилдүүлүгүн камсыздоого багытталган.