ОшМУнун окутуучулары эл аралык илимий-практикалык симпозиумда баяндамасы жасашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары эл аралык илимий-практикалык симпозиумда баяндамасы жасашты

Image

Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы эл аралык университетте өткөн эл аралык симпозиумда ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценттери Сара Давлатова менен Назгүл Тахирова «М. Кашкаринин "Диванындагы" кесипке байланыштуу сөздөрдүн азыркы кыргыз тили менен катышы» аталышында баяндама жасашты. 

Мындан тышкары кыргыз тилинин тарыхы, тилдик кубулуштардагы өзгөрүүлөрдү жана алардын бүгүнкү күндөгү маанисин далилдүү мисалдар менен көрсөтүп беришти.

Симпозиум «Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: "Манас" эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» деген аталышта уюштурулду. Иш-чарада Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдөн илимий чөйрөнүн өкүлдөрү «Манас» эпосунун дүйнөлүк маданий мурастагы орду, тил жана маданият аркылуу улуттук өзгөчөлүктү сактоо, жасалма интеллектти билим берүү, илим тармагында колдонуу сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.