Эл аралык котормочулар күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык котормочулар күнү белгиленди

Image

30-сентябрь — Котормочулардын эл аралык күнүнө карата Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда “Жасалма интеллект аркылуу котормочулардын чеберчилигин жогорулатуу” аттуу эки күндүк иш-чара уюштурулду.

Биринчи күнү котормо жана котормо таануу багытында билим алып жаткан 1-4-курстун студенттери арасында кесиптик сынак өткөрүлд. Анда катышуучулардын теориялык жана практикалык көндүмдөрү текшерилди.

Экинчи күнүндө илимий-практикалык эл аралык конференция өттү. Ага АКШ, Франция, Казакстан (Назарбаев университети), Орусия (МГУ), Өзбекстан (Наманган мамлекеттик университети) жана Кыргызстандын бир катар алдыңкы ЖОЖдорунун окумуштуулары катышты. Пленардык сессияларда жасалма интеллект, көп тилдүүлүк, технологиялардын котормо жаатына тийгизген таасири боюнча баяндама жасалып, талкуулар орун алды. 

Иш-чараны институттун Америка жана котормо таануу кафедрасы уюштурду. 













 

Фото галерея