Ректор Кудайберди Кожобеков Красноярск шаарындагы Сибир федералдык университетинде өтүп жаткан Эл аралык тармактык институттун мүчө университеттеринин кеңешинин жыйынына катышты. Мында ал ОшМУнун аталган университеттердин каржылык коопсуздук боюнча кеңешине мүчө болгондугун тастыктаган документке кол койду.
Жыйында мүчө болгон жогорку окуу жайлардын ректорлору жана өкүлдөрү каржылык коопсуздук, акчанын мыйзамсыз айлануусун адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле жогорку билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана студенттердин илимий-изилдөө потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.
Ал эми Сибир федералдык университетинде өтүп жаткан каржылык коопсуздук боюнча олимпиадага ОшМунун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профессору Чынара Кулуева жана доцент Гульсана Турганбаева катышууда. Алар түрдүү иш-чараларга катышуу менен тажрыйба алмашып жатышат.
Олимпиадада дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн катышып жаткан 600гө жакын мектеп окуучулары жана студенттери каржы багытында билимин сыноодо.
Иш-чара 30-сентябрда башталып, 3-октябрда жыйынтыкталат. Максаты катышуучулардын билим деңгээлин текшерүү, тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды иштеп чыгуу жана эл аралык студенттик кызматташтыкты чыңдоого багытталган.