ББС кыргыз кызматынын кабарчысы ОшМУнун студенттерине тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ББС кыргыз кызматынын кабарчысы ОшМУнун студенттерине тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

ББС кыргыз кызматынын Лондондогу кабарчысы Нияз Ташматов 2-октябрда Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттерине лекция окуду. 

Ал студенттер менен дүйнөлүк медиадагы акыркы өзгөрүүлөр, эл аралык журналистиканын өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алышты. Ошондой эле өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү. Студенттер кызыктырган суроолорун берип, пайдалуу кеңештерди алышты. 

Уюштуруучулар мындай жолугушуулар жаш журналисттерге дем берип, келечектеги кесиптик максаттарын аныктоого түрткү берерин айтышты.

Нияз Ташматов ОшМУнун  Филология жана маданият аралык коммуникация институтун аяктаган. Буга чейин ал өлкөдөгү бир нече медиа компанияларда диктор, кабарчы жана редактор кызматтарын аркалаган.

 

Фото галерея