ОшМУнун ректору «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды

Image

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүгө зор салым кошкон бир катар жетекчилерге, бул тармакты колдогондорго жана республикалык сынакта алдыга чыккан мугалимдерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. 

Ага ылайык, бир катар жетекчилер 12 жылдык окутууга өтүүгө  зор салым кошкону, үзүрлүү эмгектенгени, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана колдоону чыңдоого кошкон олуттуу салымдары үчүн «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков бар. 

Мындан сырткары министр «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө Агартуу министрлигинин Ардак грамотасын жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин тапшырды.

Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу азем бүгүн, 4-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек  Касымалиев катышты.

Фото галерея