ОшМУнун жамааты Ош шаарынын күнүнө активдүү катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жамааты Ош шаарынын күнүнө активдүү катышты

Image

5-октябрда Ош шаарынын 3025 жылдык мааракеси жана Алымбек датканын 225 жылдыгы белгиленди. Маданий-массалык иш-чараларга Ош мамлекеттик университетинин жамааты жигердүү катышты.

Илим жана инновация бөлүмү “Түштүк Экспо–2025” эл аралык форумуна катышып, окуу жайдын акыркы жылдардагы инновациялык өнүмдөрүн жана илимий жетишкендиктерин көргөзмөгө койду. Ал эми “Бизнес парк” борбору ишке ашырып жаткан “Баалуу китеп”, “ZURA brand” жана “Гончардык өнөр” аттуу стартап долбоорлор конокторго сунушталды.

Мындан сырткары ОшМУнун 30дан ашуун студенти форум учурунда ыктыярчы катары кызмат өтөп, меймандарды тосуп алуу, маалымат берүү жана уюштуруу иштерине жигердүү жардам көрсөтүштү.

Борбордук стадиондо өткөн гала концертке 200дөн ашуун студент тартылды.


 

Фото галерея