Искусство факультетинин профессору мектептердин бирине эмгектерин тапшырды

Башкы Жаңылыктар

Искусство факультетинин профессору мектептердин бирине эмгектерин тапшырды

Image

ОшМУнун искусство факультетинин профессору Мамыралы Эшбаев  Ош шаарында жаңы ачылган “Алтын Мурас” жеке менчик мектебине өзүнүн живопись, графика жанрындагы 60ка чукул эмгегин белекке берди.

Аталган мектеп сүрөт искусствосуна ыктагандыктан Мамыралы Эшбаев ар тараптуу колдоого алган. Алсак, сүрөт ийримине жана сабагына колдонуучу мольберттерди (сүрөтчүлөр, дизайнерлер же архитекторлор колдончу атайын жыгачтан, металлдан жасалган таякчалардан турган түзүлүш) жасатып берген. Мындан сырткары жаш таланттарга тажрыйбасы менен бөлүшүп, сабактарды өтүп берүүдө. 

Өзүнүн жеке чыгармачылыгы менен гана алектенбей мынтип билим уясына колдоо көрсөткөндүгү, коомдун өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн 21-кылым гезити Мамыралы Эшбаевге “21-кылымдын Залкары” медалын тапшырды.

Мамыралы Эшбаев ОшМУнун  искусство факультетинин профессору, СССРдин жана Кыргызстандын сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү. Ошондой эле маданияттын жана билим берүүнүн мыктысы. Көптөгөн абройлуу көргөзмөлөрдүн дипломанты жана байге ээси болгон. Ал Борбор Азияда алгачкылардан болуп Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, ОшМУнун профессору Мырза Оморкуловдун студенттик эмгектеринен окуу-методикалык музей түзгөн. Анын эмгектери Ош облустук көркөм сүрөт музейинде жана Улуттук музейде сакталган. Мындан тышкары Кыргызстан, Орусия, Түркия, Индия, Австралия, Казакстан жана Өзбекстандагы жеке коллекцияларда бар.

Фото галерея