Ош мамлекеттик университетинин регби боюнча курама командасына Улуу Британиядан келген машыктыруучулар тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүдө.
Алсак, мында бир гана окуу жайдын командасын эмес жалпы эле регбиге кызыккандар дагы бар. Окуу-машыгуу иштери 10-октябрга чейин уланат.
“Британиялык адистер бул жылы экинчи ирет келишти. Максат оюнчулардын тажрыйбасын арттырып, дүйнөлүк аренага чыгуу. Буга байланыштуу мына ушундай иштерди колго алуудабыз”,-деди окуу жайдын курама командасынын машыктыруучусу Шумкарбек Окен уулу.
Учурда регби боюнча Кыргызстандын улуттук курамасында ОшМУнун төрт оюнчусу бар.Түштүк аймагы боюнча алгачкы жолу окуу жайда регби командасы түзүлүп, өлкө чемпионатына катышып келет.