Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Ташкенттеги Өзбек мамлекеттик чет тилдер университетинин педагогикалык кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу тармактык борборунда билимдерин өркүндөтүүдө.
Аларды кафедра башчысы Семетей Амиралиев жетектеп барды. Тажрыйба алмашуу 6-октябрдан 11-октябрга чейин улантылат. Бир жумалык курстун алкагында окутуучуларга аталган ЖОЖдун профессорлору, методист-адистери окутуунун заманбап ыкмалары жана технологиялары боюнча тренингдерди, мастер-класстарды оффлайн жана онлайн форматта өтүп жатышат. Жыйынтыгында 72 сааттык сертификаттар тапшырылат.
Иш сапардын жүрүшүндө кафедра мүчөлөрү ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору менен Өзбек мамлекеттик чет тилдер университетинде педагогикалык кадрларды кайра даярдоо тармактык борборунун ортосунда меморандум түзүүгө жетишти. Анын алкагында тажрыйба, академиялык алмашуулар, конок лекцияларды уюштуруу орун алат.