Жылдык рейтинг чыкты. ОшМУда эң мыкты окутуучу ким болду? 

Башкы Жаңылыктар

Жылдык рейтинг чыкты. ОшМУда эң мыкты окутуучу ким болду? 

Image

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ)  профессордук-окутуучулук курамынын жылдык рейтингинин жыйынтыгында Ибрагим Атабаев эң көп — 313 упай менен мыкты деп табылды. Ал Медицина факультетинин нормалдуу физиология, патологиялык физиология жана фармакология кафедрасынын доценти.  

Рейтинг атайын жобонун негизинде университеттин окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан жүргүзүлдү. Ага жеке баракчаларын толтурган 2299 профессордук-окутуучулук курам катышты. Мында атайын эксперттик комиссия түзүлдү. Анда катышуучулардын окуу-усулдук ишмердүүлүгү боюнча студенттердин өз алдынча иштерин жетектөө, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, жарык көргөн басылмалар, квалификацияны жогорулатуу, баарлашуу тилдерин билүү, эл аралык тажрыйба алмашуу, коммерциялизациялоо, предметтик олимпиадаларга, сынактарга, мелдештерге студенттерди даярдоо, насаатчылык сыяктуу критерийлер каралган. 

Ошондой эле коомдук-уюштуруу иштери боюнча окуу-усулдук бирикменин алдындагы тармактык комитеттерде иштөө, маданий-массалык, спорттук иш-чараларга катышуу, кошумча кызматтык милдеттерди аткаруу, жумушчу топтордо иштөөсүнө көңүл бурулду. Жыйынтыгында университеттеги эң мыкты окутуучулардын ондугу түзүлдү. Алар: 

Талапкердин аты-жөнү

Кызматы, илимий даражасы

Рейтинг ППС баллы

1

Атабаев Ибрагим Насырович

Нормалдуу физиология, патологиялык физиология жана фармакология кафедрасынын доценти, м.и.к.

313,0

2

Субанова Гулжамал Арстаналиевна

Клиникалык дисциплиналар 2 кафедрасынын доценти, м.и.к.

300,0+

3

Кожомбердиева Каныкей Мамасалиевна

Психология кафедрасынын улук окутуучусу

269,0

  4

Ешиев Абдыракман Молдалиевич

Хирургиялык стоматология жана балдар хирургиялык стоматологиясы курсу менен кафедрасынын профессору, м.и.д.

266,0

5

Эркебаев Улукбек Зайирбекович

Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к.

265,0

6

Жутанова Гульмира Атанбековна

Педагогика кафедрасынын доценти, п.и.к.

264,0

7

Момунова Айгуль Абдыкеримовна

Патология, базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын доценти, б.и.к.

261,0

8

Абдирасулова Жайнагуль Абдирасуловна

Клиникалык дисциплиналар 2 кафедрасынын доценти, м.и.к.

260,0

9

Кочконбаева Сонаим Исмаиловна

Факультеттер аралык чет тили кафедрасынын улук окутуучусу, ОшМУнун доценти

255,5

10

Шарипова Мастурахан Сайпидиновна

Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн доценти, п.и.к.

254,5

11

Мамарасул кызы Минура

Клиникалык дисциплиналар 3 кафедрасынын окутуучусу 

253,0

Рейтингдин жыйынтыгы менен ушул шилтеме аркылуу  тааныша аласыз.