Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору аймактык жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында активдүү иш алып барууда. Алсак, учурда Наманган мамлекеттик университетинен келген 19 окутуучу кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча билим алып жатышат.
Алар Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда «Билим берүүдөгү менеджмент» багыты боюнча 144 сааттык окуу курсунан өтүүдө. Ага улай эле кытайлык угуучулар орус тили курсунда окуп, тил үйрөнүшүүдө.
Борбор угуучуларды кыргыз маданияты менен тааныштыруу максатында тарыхый жерлерге да экскурссия уюштурууда. Жетекчилик мындай иш-чаралар билим берүү менен маданий баалуулуктардын айкалышында тил үйрөнүүнүн натыйжалуулугун арттырып, өлкөлөр аралык достук мамилени чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.
Былтыркы жылы Квалификацияны жогорулатуу борборунда 30дан ашуун чет өлкөлүк жаран билимин жогорулаткан.