Кесиптик бирлик комитети мыкты кызматкерлерди сыйлады

Башкы Жаңылыктар

Кесиптик бирлик комитети мыкты кызматкерлерди сыйлады

Image

Бүгүн, 14-октябрда Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети билим берүү жана илим тармагында көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, жогорку кесиптик чеберчилигин, коомдук турмуштагы активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан кызматкерлерди сыйлады.

Ага ылайык, жети кызматкерге Борбордук профсоюз комитетинин “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси, дагы алтооно Ардак грамота тапшырылды. Ал эми окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жана Бириккен кесиптик бирлигинин укук инспектору Бактыбек Турдубаев Кесиптик бирликтин 100 жылдык юбилейлик медалын алды.

Комитеттин төрагасы мындай сыйлыктар ар бир кызматкердин эмгегине болгон ыраазычылык менен урматтын белгиси экенин белгиледи. 

Фото галерея