Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын электрондук ресурстары «Лань» электрондук-китепканалык системасы менен толукталды. Эми окутуучулар, студенттер платформадагы окуу китептерин, илимий эмгектерди, журналдарды пайдалана алышат.
Платформада илимдин ар кандай тармактары боюнча окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолор, монографиялар, илимий журналдар жана башка билим берүү материалдары топтолгон. Алар студенттерге сабактарга даярданууга, өз алдынча билим алып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берет.
Платформаны профессордук-окутуучулук курам, студенттер университеттин интернет тармагы аркылуу акысыз пайдалана алышат. Кирүү үчүн логин, сырсөз талап кылынбайт.
Электрондук китепкананын ресурстарын пайдалануу окуу процессин сапаттуу адабияттар менен камсыздоого, студенттердин өз алдынча билим алуусуна, окутуучулардын илимий иштерине колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Платформага өтүү шилтемеси: https://e.lanbook.com/