ОшМУнун окумуштуулары Өзбекстандагы этникалык кыргыздарды изилдеп кайтышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Өзбекстандагы этникалык кыргыздарды изилдеп кайтышты

Image

 

Ош мамлекеттик университетинин профессору Турдумамат Кадыров, доценттер Сабыр Арстанов, Талантбек Шаанов жана Нурсултан Кубанычбек уулу Өзбекстандагы этникалык кыргыздар боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп кайтышты.

Сапар 10-13-октябрда уюштурулду. Анда тарыхчылар Сыр-Дарыя облусунун Сардоба жана Мырза-Абат райондорунда, Гулистан жана Жаңы-Жер шаарларында жашаган кыргыздардан тарыхый-этнографиялык маалыматтарды сурамжылоо жолу менен чогултушту. Изилдөөгө жергиликтүү тургундардан сырткары Өзбекстандын "Олий Мажилисине" шайланган кыргыз тектүү депутат Надира Жанибекова, облустагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери жана ири ишкерлер да катышты.

Бул илимий долбоор Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган этникалык кыргыздардын тарыхын, маданиятын жана коомдук турмушун изилдөөгө багытталган. Долбоор Өзбекстан менен гана чектелбестен, Тажикстан, Кытай, Афганистан жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларын да камтыйт.

Изилдөө иштери этап-этабы менен улантылып, башка өлкөлөрдө да жүргүзүлмөкчү. Илимий долбоор Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланган.

 

Фото галерея